Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасынын алкагында МКЮЖ жөнүндө ЖОЖдор аралык квиз-оюн

2021-жылдын 8- жана 9-декабрында ЖОЖдор арасында мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам жөнүндө квиз-оюну өткөрүлөт, ага Кыргызстандын ЖОЖдорунун социалдык иш боюнча жана юридикалык факультеттеринин студенттери катышат. Оюнду КР МКЮЖ өнүктүрүүнүн Улуттук Тармагы жана Сорос-Кыргызстан фондунун Укуктук программасынын жана МКЮЖ КБ колдоосу менен “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду  уюштуруп жатышат.

Оюндун максаты: жаштарга адам укугу жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КР Мыйзамы жөнүндө маалымат берүү, студенттик командаларды тартуу менен КР элине укуктук маалымат жана укуктук консультацияларды берүү.

Оюнга төмөнкү ЖОЖдордун 180 студенти катышат: Кыргыз-Россия Славян Университети, Заманбап Эл аралык Университет (Жалал-Абад ш.), Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (Жалал-Абад ш.), Ош мамлекеттик юридика институту, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик юридика университети, Кыргыз Улуттук Университети, Кыргыз Республикасынын Эл аралык Университети, УНПК МУК, Ош мамлекеттик университети, Ысык-Көл мамлекеттик юридика университети, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Ош мамлекеттик педагогика университети.

Квиз-оюндун алкагында МКЮЖ жөнүндө викторина, флешмоб жана студенттер даярдаган МКЮЖ жөнүндө видеосюжеттер болот.

Квиз-оюнду 2021-жылдын 8-9-декабрында Фейсбуктан түз берүүсүн көрсөңүздөр болот: МКЮЖ Өнүктүрүүнүн улуттук тармагы - https://www.facebook.com/koalitsiya.ggup/

“Адам, укук, эркиндик” коомдук фондунун директору Арапова Эльмира Байышевна мындай деди: «Бишкектик командалардан жеңүүчүлөрдү сыйлоо 10-декабрда, Адам укугунун эл аралык күнүндө саат 15.30да МКЮЖ КБ конференц-залында Сорос-Кыргызстан фондунун Укуктук программасынын жана МКЮЖ КБ өкүлдөрүнүн катышуусу менен болот. Жеңүүчүлөргң фирмалык статуэткалар жана медалдар, ошондой эле “Раритет” дүкөнүнөн китептерди алууга акчалай сертификаттар берилет. Түштүктөгү жождордун жеңген командалары байгелерди 2021-жылдын 14-декабрында Ошто жана Жалал-Абадда облустук администрациялардын залдарында “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам: өз укуктарыңды бил!” деп аталган региондук конференцияларды өткөрүү учурунда алышат».