Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтому менен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн» Тартиби жаңы редакцияда бекитилди.
2023-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери дээрлик эки эсеге көбөйөт. Мисалга алсак: адвокат кылмыш-жаза иши боюнча шектелген адамды кармоо учурунан тартып жогорку сотко чейин квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн эски тарифтерге ылайык, максималдуу түрдө адвокаттар 15 000 сом акы алып келген.
Ал эми, жаңы токтомго ылайык, жогорудагы аталган стадияларга катышкандыгы үчүн адвокат болжол менен 30 миңден-35 миң сомго чейин акы ала алат.
Акы төлөөнүн тарифтерин жогорулатуу менен :
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына тажрыйбалуу, компетенттүү жаңы муундагы адвокаттарды тартуу иши ишке ашырылат;
- Алыскы региондорго адвокаттарды тартуу менен ал жерде жашаган калктын аярлуу катмарына квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү камсыздалат;
- квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, жарандардын сот адилеттигине жетүү укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу жөнгө салынат;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын жоопкерчилиги жана аларга болгон талаптар күчөтүлөт.
Эскерте кетсек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын жакшыртуу жана өркүндөтү, адвокаттардын ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын өлкө башчысы адвокаттардын II Съездинде калктын аярлуу катмарына квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу боюнча тапшырма берген.
Бүгүнкү күндө, аталган тапшырма ишке ашырылып, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарды мамлекеттин эсебинен акысыз адвокаттын кызматы менен камсыз кылуу мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдө.
Маалымат үчүн: Адвокаттардын мамлекеттик реестринде жалпысынан 3769 адвокат катталса, учурда алардын ичинен болгону 441 адвокат гана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын авдокаттарынын реестринде кирип иш алып барышууда.