Бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы уюштурган «Укуктук жардам» аттуу республика боюнча өткөрүлгөн акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы аяктады.
Аталган акциянын алкагында жарандарга Мамлект кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жөнүндө маалымат айтылып, квалификациялуу юридикалык жардам алуу жол жоболору түшүндүрүлүп, акысыз юридикалык кеңеш берилди. Акциянын жүрүшүндө, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун адвокаттары, мамлекеттик нотариустар, социалдык камсыздандыруу, пенсия маселелери жана социалдык коргоону камсыз кылуу боюнча адистер тарабынан жарандарга юридикалык кеңеш беришти. Жарандар жөлөкпул, алимент, жазык иштери, жер мыйзамдары, майыптыкты белгилөө жана башка суроолор боюнча кайрылып, кеп кеңеш алышты.
Акциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы боюнча 2154 жаран акысыз юридикалык кеңеш алышты.
Анын ичинен:
Бишкек шаары боюнча 295 жаран (183 аял киши, 112 эркек киши);
Ош областы боюнча 296 жаран (176 аял киши, 120 эркек киши);
Баткен областы боюнча 132 жаран (69 аял киши, 63 эркек киши);
Жалал-Абад областы боюнча 716 жаран (358 аял киши, 358 эркек );
Талас областы боюнча 123 жаран (70 аял киши, 53 эркек киши);
Нарын областы боюнча 232 жаран (142 аял киши, 90 эркек киши);
Ысык-Кѳл областы боюнча 146 жаран (81 аял киши, 65 эркек киши);
Чүй областы боюнча 214 жаран (135 аял киши, 79 эркек киши).
Социалдык статусу боюнча:
- аз камсыз болгон үй бүлѳлѳр – 307;
- пенсия жашындагы жарандар – 582;
- ден-соолугунун мүкүнчүлүгү чектелген жарандар – 35;
- жашы жете элек балдар - 16;
- бош эмес жарандар – 464;
- жумушсуз жарандар – 633.
Акция жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, укуктук маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында өткөрүлдү.