Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди мамлекет жана элибиз үчүн эң баалуу майрамдардын бири болгон Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!
Эгемендүүлүк күнү-өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жоопкерчилик сезими менен бириккен бардык кыргызстандыктар үчүн башкы майрам.
Кылымдар бою көз карандысыздык биздин башкы баалуулугубуз болуп келген, ошондуктан биздин эң негизги максатыбыз-өлкөбүздө тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо, эртеңки күнгө ишенимдүү караган демократиялык, укуктук мамлекетти куруу.
Бүгүнкү Кыргызстан - бул демократиялык мамлекет, анда жарандар өз тагдырын өзү чечип, өз укуктарын коргоп, өлкөнүн коомдук турмушунда жигердүү иш алып барышат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бул маанилү майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, тынчтык, Кыргызстаныбызга гүлдөп өнүгүү каалайбыз.