Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

16 май 2018

Кыргызстандын делегациясынын Украина Республикасынын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү мамлекеттик тутумуна болгон окутуучу визити башталды

one

2018-жылдын 14-майында  Кыргызстандан эксперттер  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору А. Калбековдун жетекчилиги алдында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  Укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы Т. Бекташевдин,  Кыргыз Республикасынын адвокатура кеӊешинин төрагасы Б. Райымкуловдун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун  укуктук программасынын директору Н. Картаӊбаевдин, «Сорос-Кыргызстан» фондунун координатору Т. Ашуралиеванын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коомдук байкоочу кеӊешинин төрагасы М. Смирновдун жана жумушчу топтун эксперттеринин катышуусунда Украина Элдик Республикасынын Юстиция министрлигине  караштуу акысыз юридикалык жардамдын координациялык борборуна барышты.

Визиттин жүрүшүндө  Кыргызстандын делегациясы Украинадагы акысыз укуктук жардам көрсөтүү тутумунун институтционалдык негиздерин түзүү менен таанышышты.

Ошондой эле, эксперттер  акысыз юридикалык жардамдын координациялык борборуна барышты, анда аталган борбордун иши, акысыз укуктук жардамдын сапатынын менеджменти, ыйгарым укуктары жана өнүгүү пландары менен таанышышты.

Мындан тышкары, делегация жергиликтүү борбордун, регионалдык борбордун иши менен жана укуктук жардам бюросунун иши менен таанышышты.