Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренеси.
Актуалдуу суроо:
Никесиз төрөлгөн балага кантип алимент өндүрсө болот?
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, расмий каттоосу жок жарандык никеде төрөлгөн бала расмий никеде төрөлгөн балдардай эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын коргоо кепилдигине ээ.
Калкка юридикалык жардам көрсөтүү боюнча онлайн консультациялардын акциясы
2024-жылдын 20-июнунан 16-августуна чейин күн сайын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы расмий социалдык баракчаларда https://www.instagram.com/minjustkg_official/ жана https://www.instagram.com/uridikalyk_jardam/ калкка түз эфирде келип түшкөн ар кандай маселелер боюнча онлайн консультацияларды берет.
Мындай формат жарандар үчүн, үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жардам жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Ыкчам байланыш жарандардын арыз-билдирүүлөрүнө батыраак жооп берип, юридикалык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, керек учурда тийиштүү мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына багыттоого мүмкүндүк берет.
Шыр байланышта жарандардын телефон аркылуу кайрылуулары менен иштеген юрист-консультанттар Юридикалык жардам борборунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шартта жарандардын телефондук кайрылууларынынын каралышынын толуктугуна жана тууралыгына жоопкерчиликте болушат.
Иш графиги: дүйшөмбү-жума саат 09:00 - 18:00 Дем алыш күндөрү: ишемби-жекшемби жана майрам күндөрү
“Тилектештик автобусу” долбоорунун негизги милдеттери: - Кыргыз Республикасынын калкынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү; - мыйзамдардын түрдүү аспектилери боюнча кеп-кеңеш берүүчү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; - акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук кеп-кеңеш берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, дагы башка мекемелер жана тараптар менен өз ара аракеттенүү. - Кыргыз Республикасынын калкын укуктук жактан агартууга, укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
“Акысыз адвокат” телеберүүсү 2021-жылдын сентябрь айында башталган. Аны “Замана” студиясы даярдап, ар дүйшөмбү саат 19:00дө УТРКда кыргыз тилинде түз эфирге чыгат. Берүүнүн узактыгы 50 мүнөткө чейин.
Программанын жүрүшүндө адвокат телефон аркылуу түз байланышка чыккан жарандардын суроолоруна жооп берет. Үч адамдан турган комиссия адвокаттын кызматына өтө муктаж делген 2 же 3 телекөрүүчүнү тандайт да, аларды акысыз адвокаттык кызмат менен камсыздайт. Тандалган жарандардын маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берүүнүн жүрүшүндө кабарланып турат.
Ар дүйшөмбү саат 19:00дө 0505802060 WhatsApp номери аркылуу суроо узатып, акысыз адвокатка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.