Артка
2020-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жана пробация департаментинин кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна барышты.
Бул жолугушууда министрликтин кызматкерлери катышуучуларга мамлекет кепилдеген юридикалык акысыз консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамды алуу боюнча айтып беришти.
Иш-чаранын катышуучуларына юстициянын аймактык башкармалыктарынын алдындагы юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун жана пробация органдарынын акысыз иштери жөнүндө маалымат беришти жана аларга материалдык жардам көрсөтүштү.