Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

12 июнь 2020

КР Өкмөтү тарабынан КР Юстиция министрлигинин бөлүнүштөрүнүн символика белгилери бекитилди

one

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнунда № 312 токтому менен  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун символика белгилери бекитилди.

КРнын ЮМнин алдындагы 

МКЮЖ КБнын символика белгисинин сүрөттөлүшү 

    Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун символикасы ак жана көк эки түстөгү эки чарчыга бөлүнгөн тик бурчтуктан турат. Чарчыларда  таразанын табактары симметриялуу жайгашкан, бири көк фондогу чарчыга ак түстө, ал эми экинчиси ак фондогу чарчыга көк түстө берилген. Таразанын туткасы кыргыз улуттук оймодогу стилге саналып симметриялуу формада жасалган.

Тараза табактары ынсаптуулукту жана сот адилеттигин билдирет. Таразанын туткасына бириктирилген 2 улуттук оймо жарандын укуктарын жана эркиндигин камсыздоонун семантикалык символу болуп саналат. 

Символикада эки түс  колдонулган - ак жана көк.   Ак түс  тынчтыкты, аруулуктуу, ак ниеттүүлүктү жана чындыкты билдирет, ал эми көк - акылмандыктын, адилеттүүлүктү жана адам укуктарынын жогорку баалуулугун билдирет.

Тик бурчтуктун деңгээлинде оң тарабында “ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ” деген сөздөр, “ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ” деген сөздөрдүн деңгээлинде ылдый жагында андан кичирээк шрифт менен “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМДЫ КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА БОРБОРУ” деген сөздөр жайгаштырылган.

МКЮЖ КБнын символикасынын вертикалдуу версиясы да бар, анын айрымасы “МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ” деген  сөздөр тик бурчтуктун төмөн жагында ортолотуп жайгаштырылган.