Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

19 апрель 2018

Юстиция министрлиги Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачты

one

Бүгүн,19-апрельде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучуUSAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Нарын облусунда Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбордун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрөлдү.

Борборлордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбековдун, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кимберли Розендин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун, Нарын облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылат, ошондой эле калктын аялуу тобунун укуктук жактан корголуу деңгээлин жогорулатат. Борборлорго келгендер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына кирген юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын алса болот. Азыркы учурда Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн 20 борбору иштейт. Акысыз юридикалык жардам сурап кайрылган жарандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө