Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

30 ноябрь 2020

2020-жылдын 30-ноябрынан 5-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын калкына акысыз укуктук кеңеш берүү Декадасы өткөрүлөт

one

2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор тарабынан уюштурулган калкка бекер укуктук жардам берүү Декадасы башталат.

Декаданын негизги максаты - калктын аяр катмарынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, элге укуктук жардам көрсөтүп, укуктук сабатын жогорулатуу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү. Ошондой эле, бул декада 10-декабрда белгиленүүчү Адам укугунун күнүнө арналат. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Генралдык Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган.

Декаданын алкагында юстиция органдарынын, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз укуктук кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, башка да мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишмердүүлүгү укуктук жардамга байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдар, Координациялоо Кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборун өнүктүрүүчү Улуттук тармак жана ЖОЖдордун юридикалык клиникалары бүт өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүшмөкчү.

Декаданын программасы, акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүүчү борборлордун жана аймактык юстиция башкармалыктарынын даректери КР Юстиция министрлигинин расмий сайтында: http://minjust.gov.kg/,  Facebook баракчасында: https://www.facebook.com/minjustKR/ жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун сайтында: http://ukuk-jardam.gov.kg/, Facebook баракчасында: https://www.facebook.com/ggupkr/ жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү”   долбоорунун, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун жана GIZ (Германиянын эл аралык кызматташтык  коому) жүзөгө ашырып жаткан  Европа Биримдигинин “КРдеги укук үстөмдүгү – 2-фаза”  Программасынын   колдоосу астында өтүп жатат.

Декада тууралуу сиздерди кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн төмөндөгү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот: (0312) 62-62-10 (кошумчалоо, 201, 200, 198, 209, 202, 206), 0770 45 91 17, 0553 04 04 86 (Каракол шаары), 0555 22 58 32 (Ош шаары), 0555 82 00 81.