Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 февраль 2024

Ак-Суу районунда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 30-борбору ачылды

one

2021-жылдын 15-январында Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 30-борбору (АЮЖКБ) ачылды. Бул АЮЖКБ «Кыргыз Республикасында Мыйзамдын үстөмдүгү 2-фаза» Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн каржылоо колдоосу менен ачылган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын акими Тюкебаев Акылбек, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү соттордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышышты.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук билим берүү, укуктук маалымат берүү, калктын аялуу катмарынын укуктук коргоонун деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, жарандардын айрым категорияларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу укугун камсыз кылуу АЮЖБдин негизги милдеттери болуп саналат.

Акысыз юридикалык жардам юридикалык консультациялар жана маалымат түрүндө юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү, ошондой эле документтердин долбоорун түзүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башчысы Марат Джаманкулов өз сөзүндө республиканын ар бир аймагында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Борборлорду ачуу милдети коюлгандыгын белгилеп, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө коюлган максаттарды ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Азыркы мезгилде республиканын аймагында 29 Акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштейт, алар Бишкек, Ош, Токмок, Кант, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Суу, Ноокат, Жалал-Абад, Кербен, Каракөл, Баткен, Исфана, Кадамжай, Талас жана Нарын шаарларында, ошондой эле Беловодск, Кара-Кулжа, Гүлчө, Араван, Дароот-Коргон, Базар-Коргон, Кочкор, Сокулук, Өзгөн жана Кемин айылдарында.