Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

29 ноябрь 2018

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасын өткөрөт

one

Бул тууралуу маалымат-жыйын учурунда КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбордун директору Акжол Калбеков билдирди. Иш-чарага Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда жана маалымат башкармалыгынын башчысы Венера Жумабаева жана КРнын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов катышышты.

2018-жылдын 3-10-декабрында өтүүчү декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардамды аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор, мамлекеттик нотариалдык кеңселер, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, МКЮЖдын реестрине кирген адвокаттар жана ЖОЖдордогу юридикалык клиникалар көрсөтүшөт. 

Мындан тышкары, маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөр, акциялардын уюштурулушу жана ЖОЖдордо лекциялардын өткөрүлүшү пландалууда.

Декаданын негизги максаты – калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлөт.

Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын,Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынын жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.