Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 июль 2018

Жалал-Абад облусунун Кербен жана Каракөл шаарларында акысыз юридикалык жардам борборлору ачылды

one

2018-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги  Жалал-Абад облусунун Кербен жана Каракөл шаарларында акысыз юридикалык жардамынын 2  борборлорунун салтанаттуу ачылышын өткөрдү. Борборлордо жарандар юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын ала алышат.

Салтанаттуу ачылыш  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу акысыз юридикалык жардам борборунун директору А.С. Калбековдун, Кербен шаарынын мэри Н.М. Эсеналиевдин, Аксы районунун акими М.М. Мырзамамытовдун катышуусу менен өткөрүлгөн.

Борборлор Ист-Вест Менеджмент Институту менен ишке ашырылган, эл аралык өнүгүү боюнча,  АКШ Агенттиги менен каржыланган биргелешип башкаруу боюнча   USAIDПрограммасынын колдоосунда ачылган.

Азыркы мезгилде Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 24 борбор иштеп жатат.

USAID, биргелешип башкаруу программасы аркылуу акысыз юридикалык жардам борборлорун көбүрөөк ачуу менен Кыргыз Республикасынын калктын укуктук жардамды алууга жетүүсүн жакшыртууга умтулуусун колдоп келет. Мурда программа Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында сегиз борборду ачууга колдоо көрсөткөн. USAID ошондой эле Юстиция министрлиги менен борборлор көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуунун үстүнөн да иштейт.