Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

28 январь 2019

Марат Джаманкулов БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

one

2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов Борбор Азиядагы БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) эл аралык менеджери Кун Маркверинг мырза жана бул уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жашаган калктын аярлуу катмарларынын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө тиешелүү суроолор талкууланды.

Кун Маркверинг мырза  Кыргыз Республикасындагы БУУ БКБнын негизги багыттарынын бири болуп, калктын аярлуу катмарларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү эсептелерин белгиледи. Бул багытта, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрацияларынын алдында жана жаңы конуштарды тейлеген, кээ бир Муниципалдык аймактык башкармалыктарга калкка аксыз укуктук-консультациялык борборлорду ачуу пландалууда.

Өз кезегинде, Марат Джаманкулов бул маселенин орчундуу экенин белгилеп, жер-жерлерде калкка укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлорду институтташтыруу керектигин айтты. “Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган долбоор аяктагандан кийин, бул жумуш туруктуу негизде уланыш үчүн, биз тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек”,- деди ал.

Бул багытта, КРнын юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзу башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсүнө тиешелүү маселер да талкууланды

.

       Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар башкалаанын жаңы конуштарында жашаган калктын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы иш планды белгилешти.