Вознесеновка айылындагы колонияга бир айга камалган 16 жаштагы өспүрүм абактан чыгарылды.
Сот тарабынан баш коргоо чарасын өзгөртүүнү кароодо жактоочу иретинде Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун балдар иштери боюнча адистешкен адвокаты Мойдунова Айсалкын Расулжановна катышып, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөттү.