Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы!

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ КБ) тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Оберег» реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүлдү.

МКЮЖ КБнун кызматкерлери тарабынан азык түлүк жана канцелярдык товарлар түрүндө материалдык жардам жеткирилди.

Ошондой эле, реабилитациялык борбордун кызматкерлерине өз иштеринде колдонуу үчүн үй-бүлө, мурас, жер жана социалдык маселелер боюнча практикалык колдонмолор тапшырылды.

Борбордун жетекчилиги жана балдар бизди абдан жылуу жана кубанычтуу тосуп алышты, ошондой эле биздин кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти!