Арип өлчөмү
Түс
Артка
🔹17-март күнү Талас облусунун Талас районунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасынын ишин жакшыртууга арналган координациялык кеңешме болуп өттү.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чогулуп, юридикалык жардам көрсөтүүнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун талкуулашты.
Жолугушуунун негизги темалары:
◾️ Юридикалык жардам кызматы тарабынан иштелип чыккан консультациялардын жаңы электрондук системасы (CRM).
◾️Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бул системаны өз иштеринде кантип колдонушу.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар системаны кантип колдонуу боюнча деталдуу көрсөтмөлөрдү алышты жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарынын укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жолдорун талкуулашты.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381
ep@ukuk-jardam.gov.kgБул вебсайт USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган. АКШ өкмөтү, USAID жана EWMI бул сайттын мазмуну үчүн жооптуу эмес.
Copyright 2025 (c) Бардык укуктар корголгон
Сайт иштелип чыккан: