Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

19 март 2025

Бишкекте ЮЖК аймактык координаторлору үчүн эки күндүк тренинг ийгиликтүү аяктады!

Бишкекте ЮЖК аймактык координаторлору үчүн эки күндүк тренинг ийгиликтүү аяктады!

19-20-март күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы координаторлору үчүн эки күндүк тренинг ийгиликтүү өттү.
Тренингдин алкагында катышуучулар:
-МКЮЖ системасында квалификациялуу юридикалык жардамдын стандарттары жана талаптары менен таанышышты;
-Кызматкерлер мониторинг жана отчет берүү көндүмдөрүн үйрөнүштү;
-Юридикалык жардам көрсөтүү боюнча практикалык кейстерди;
-Өз ишин натыйжалуу документтештирүү жана визуалдаштыруу үчүн мобилографиянын негиздерин өздөштүрүшдү.
Бул тренинг аймактардагы юридикалык жардамдын сапатын жакшыртуудагы маанилүү кадам . Координаторлор натыйжалуу иштөө үчүн жаңы куралдарды алышты жана келечекте пайдалуу боло турган тажрыйбалар менен бөлүшүштү.