Кыргызстанда адам сатуунун курмандыктарына юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасында биринчи жолу адам сатуунун курмандыктарына мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк берилди. 2022-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган, ага ылайык адам сатуунун курмандыктары финансылык абалына карабастан кылмыш иштери боюнча акысыз юридикалык жардам алууга укуктуу.

Бул Мыйзамды натыйжалуу ишке ашырууну колдоо максатында АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адам сатуунун курмандыктарын коргоонун туруктуу механизмин түзүү» жаңы долбоору ишке ашырыла баштады. Долбоордун алкагында «Адам укуктары боюнча юристтер» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы малекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ КБ) менен өнөктөштүктө бир жыл ичинде өлкөнүн бардык аймактарынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын тандалып алынган 200 адвокатынын потенциалын жогорулатат жана адам сатуудан жапа чеккен жарандарга юридикалык жардам көрсөтөт.

МКЮЖ КБнун максаты бардык адамдарга, анын ичинде адам сатуунун курмандыктарына юридикалык жардамдын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Адвокаттар билим алуу иш-чаралары аркылуу гана өз потенциалын жогорулатпастан, тажрыйбалуу юристтер тарабынан насаатчылык программасынан өтө алышат, бул акыр аягында мамлекеттин эсебинен юристтер тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга таасирин тийгизет.