Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

04 июль 2025

Юстиция министрлиги жана БУУӨП жаңы "Тилектештик автобусун" ишке киргизди

Юстиция министрлиги жана БУУӨП жаңы "Тилектештик автобусун" ишке киргизди

Юридикалык жардам – дөңгөлөктө: Юстиция министрлиги жана БУУӨП жаңы "Тилектештик автобусун" ишке киргизди

Бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен биргеликте «Тилектештик автобусу» долбоорун кеңейтүү максатында жаңы микроавтобус алды.

Бул мобилдүү юридикалык топ алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарга барып, укуктук жардамга муктаж адамдарга – айыл тургундарына, аялдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка аярлуу топторго акысыз юридикалык консультация берет.

Долбоор 2024–2028-жылдар аралыгындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылууда. Учурда өлкө боюнча 24 юридикалык жардам борбору иштеп жатат. 2024-жылдын ичинде 83 миңден ашуун жаран акысыз консультация алды.

Юстиция министрлиги жана БУУӨП ар бир жаран жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, өз укуктарын билүүсү жана коргой алышы үчүн биргелешип иш алып барууну улантышат.