Арип өлчөмү
Түс
Артка
Президент Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына кирген өзгөртүүлөргө кол койду.
Документ өзгөчө муктаждыгы бар балдардын ата-энелери жана камкорчуларынын акысыз адвокат алууга болгон укуктарын кеңейтет.
Эми мындай үй-бүлөлөр кирешесине карабастан, үй-бүлөлүк иштердин бир катар түрлөрү боюнча акысыз юридикалык жардам ала алышат.
Аларга ажырашуу, ата-эне укуктарынан ажыратуу, алимент өндүрүү, баланын жашаган жерин аныктоо жана аны менен жолугушуу тартибин белгилөө маселелери кирет.
Мындан тышкары, балдарды материалдык камсыз кылуу жана турак жай боюнча, бала бакчаларда, мектептерде, колледждерде жана жогорку окуу жайларында окуган балдарды багуу, ошондой эле балага кошумча чыгымдарды белгиленген суммада өндүрүү боюнча иштерге акысыз адвокат берет.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381
ep@ukuk-jardam.gov.kgБул вебсайт USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган. АКШ өкмөтү, USAID жана EWMI бул сайттын мазмуну үчүн жооптуу эмес.
Copyright 2025 (c) Бардык укуктар корголгон
Сайт иштелип чыккан: