Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 февраль 2019

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) менен кызматташуу жөнүндө Макулдашуу

one

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин алдындагы  мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  координациялоо боюнча Борбору жана  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүштү.  

2019-жылдын 25-февралында, КР Юстиция Министри Марат Жаманкулов жана  КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Токон Мамытов мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  ишке ашыруунун алкагындагы  өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы  мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  координациялоо боюнча Борборунун директору А.Калбеков  жана  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Т. Мамытов кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Белгилей кетсек, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндөгү эффективдүү  кызматташтуруну жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле, макулдашуунун алкагында адамдын  укуктарын жана эркиндиктерин  коргоо маселелери боюнча маалыматтар  жана аналитикалык материалдар менен өз ара алмашуу ишке ашырылат 

Мындан тышкары, бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин алдындагы  мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  координациялоо боюнча Борборунун  жана  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  (Омбудсмени) 2019-жылга биргелешкен иш-аракеттерин планын  карайт.