Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

05 март 2019

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, КРнын Адвокатурасы жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүштү

one

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, КРнын Адвокатурасы жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүштү

2019-жылдын 4-мартында, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары – МКЮЖ КБ) КРнын Адвокатурасынын, Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясынын, мамлекеттик органдардын жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө калктын юридикалык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо боюнча программаларды ишке ашырууда өз ара аракеттешүү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүп жаткан юридикалык клиникалардын жаш юрист-клиницисттеринин потенциалын жогорулатуу боюнча маселелер каралды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, МКЮЖ КБнын, КРнын Адвокатурасынын жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясынын ортосунда  кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.  

       Белгилеп кетсек, бул келишим Акысыз юридикалык жардам көрсөткөн борборлорго юридикалык клиникалардын өкүлдөрүн тартуунун тартибин аныктайт, ошондой эле келишимдин алкагында жарандардын укугун жана эркиндиктердин коргоо боюнча аналитикалык материалдар жана маалыматтар менен өз ара алмашуулар жүргүзүлөт. Андан тышкары, бул келишим 2019-жылга карата биргелешип иш алып баруу Планын да камтыйт.