Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

13 июнь 2019

Жазык жана жарандык иштер боюнча жашы жетелектер менен иш алып барууга 220дан ашуун адвокат окутулду

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары - МКЮЖ) МКЮЖнын алкагында иш алып барган адвокаттар үчүн тренингдерди уюштурду.  

Тренингдердин жүрүшүндө жашы жетелектердин катышуусундагы жазык сот өндүрүшүнүн субъекттерине, жазык процессиндеги иштөөнүн стандарттарына жана процессуалдык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу суроолор каралды. Ошондой эле, адвокаттар жашы жетелектерге сурамжылоо жүргүзүүгө да үйрөнүштү.

Белгилеп кетсек, тренингдер төмөнкү шаарларда өткөрүлдү:

- 2019-жылдын 18-мартынан 22не чейин Бишкек шаарында;

- 2019-жылдын 9-апрелинен 12нечейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында;

- 2019-жылдын 21-майынан 23нөчейин Каракол шаарында.

Окутуулардын жыйынтыгы боюнча 220дан ашуун адвокаттар “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагындагы адвокаттардын жашы жетелектердин катышуусундагы иштерди алып баруунун  өзгөчөлүктөрү” аттуу тренингден өткөндүгүн тастыктаган сертификаттарды алышты.     

          Бул тренингдер Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) колдоосунда “Укук борбору” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү.