Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

10 июнь 2019

Адвокаттар жаңы Жарандык процесстик кодекстин ченемдерин колдонууга үйрөтүлдү

one

2019-жылдын 20-майынан 3-июнуна чейин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору тарабынан мамлекет кепилдеген  юридикалык жардам тутумунда иш алпарган адвокаттар үчүн бир катар тренингдер уюштурулду.

Тренингдер Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлүп,  аларга республиканынбаардык региондорунан 200дөн ашуун адвокаттар катышты. Окутуунун жүрүшүндө 2017-жылдын 1-июлунан тартып  күчүнө кирген КРнын Жарандык процесстик кодексинин жоболору түшүндүрүлдү.

Окутуулардын негизги максаты - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КРнын Мыйзамын толук жана натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.

          Белгилеп кетсек, окутуучу тренингдер Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) тарабынан кошо каржыланган “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү 2-Фаза” программасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) компонентинин колдоосу менен өткөрүлдү.