Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

18 июнь 2019

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна IT-адисинин кызматын сатып алууга конкурс өткөрүлүүдө

one


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана БУУӨПтүн«Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү үчүн сот акыйкаттыгына туруктуу жетүү» долбоору ортосунда түзүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу алкагында КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна (МКЮЖ КБ) IT-адисинин кызматын сатып алууга конкурс жарыяланат.

Белгилеп кетсек, МКЮЖ КБ ukuk-jardam.gov.kg веб-сайттын колдонуучуларына техникалык жана программалык колдоо көрсөтүү жана ички оптималдыштырууну жүргүзүү (веб-сайттын күнүмдүк акыбалын,   түзүлүшүн анализдөө жана баракчаларынын байланышын түзүү) максатында квалификациялуу IT-адисин тартууну көздөйт.        

Кененирээк маалымат менен мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталынан кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот:

http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=171974208