Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

18 июнь 2019

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна пиар-адисинин кызматын сатып алууга конкурс өткөрүлүүдө

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү үчүн сот акыйкаттыгына туруктуу жетүү» долбоору ортосунда түзүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу алкагында КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна (МКЮЖ КБ) пиар-адисинин (PR-менеджер) кызматын сатып алууга конкурс жарыяланат.

Белгилеп кетсек, МКЮЖ КБ мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча маалыматты жайылтуу, калкты укуктук жактан агартуу, жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу максатында коомчулук менен иштөө жана байланыш түзүү боюнча квалификациялуу пиар-адисин тартууну көздөйт.        

Кененирээк маалымат менен мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталынан кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот:

http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=171937232