Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

24 декабрь 2018

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында жазык иштери боюнча адвокаттарга акы төлөөнүн тарифтери жогорулап, жарандык жана административдик иштер боюнча адвокаттарга акы төлөөнүн тарифи бектилди

one

2018-жылдын 19-декабрында, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул чечимге ылайык, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагындагы жазык иштер боюнча адвокаттарга акы төлөөнүн тарифтеринин жогорулашынан сырткары, КРнын Юстиция министрлигинин алдындыгы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө баштайт.

Ошондой эле, бул токтомдун ишке ашышы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгон бардык адамдарды адвокаттардын жетиштүү саны менен камсыз кылууну жана ошол жардамдын негизги принциптерин сактоону талап кылат. Ошол эле учурда, адвокаттын эмгегине акы төлөөнүн өлчөмү анын жумуш шарттарына ылайык болуп, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө сарпталган чыгымдарын жабуу да керек.  

Белгилеп кетсек, аталган чечим сот-укуктук реформанын жана жарандардын сот адилеттигине жетүүнү жана өз укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого каражаты жок болгон учурда квалификациялуу юридикалык жардамды алуу укугун кепилдөөнү максат кылган “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын Мыйзамын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.