Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

17 сентябрь 2019

Тажик делегациясы Кыргызстандын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүдөгү тажрыйбасы менен таанышууда

one

2019-жылы 24-июлда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун (МКЮЖ  КБ) директору А. С. Калбеков менен башында Л. М. Нусратов турган Тажикстан Республикасынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Тажикстан Республикасынын Юстиция министрлигинин жана  анын алдындагы “Укуктук жардам борбору” Мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруудагы тажрыйбасын үйрөнүү болуп саналат.   

Жолугушуунун алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери талкууланды, МКЮЖ КБ тарабынан консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамды берүү тартиби, МКЮЖнын алкагында жактоочу тарабынан көргөзүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам берүүнүн  акысынын тарифи жана тартиби көргөзүлдү.  

Ошондой эле, делегация Чүй областынын Токмок шаарынын жана Кант шаарынын аймактык юстиция башкармалыктарына караштуу акысыз юридикалык жардам көргөзүү боюнча борборунун иштери менен таанышты, анда кызматкерлер Борбордун ишмердүүлүгү жана  on-line отчёттуулуктун өзгөчөлүктөрү туурасында айтып беришти.  

Аны менен бирге, иш сапардын жүрүшүндө Республиканын делегациясы МКЮЖ  КБнын бейөкмөт уюмдар жана юридикалык клиникалар менен өз ара аракеттешүү боюнча Координациялык Кеңештин катчылыгы менен жумушка жолугушууга катышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары конструктивдүү кызматташуу туурасында, МКЮЖ  алкагында позитивдүү тажрыйба алмашуу жана туруктуу өз ара аракеттешүү туурасында макулдашууга жетишишти. 

Тажикстандан келген делегациянын иш сапары БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.