Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

23 сентябрь 2019

МКЮЖ КБнун өкүлү Киевдин Укуктук мүмкүнчүлүктү такшалдыруу практикалык программасына катышты

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун (МКЮЖ КБ) өкүлү адвокаттар жана коомдук уюмдар кирген Кыргыз Республикасынын тайпасынын курамында, Киев шаарында (Украина) 13-18 сентябрда өткөн Киевдин Укуктук мүмкүнчүлүктү такшалдыруу практикалык программасына катышып келди.

Программа учурунда катышуучулар Молдова, Аргентина, Грузия, Украина, Кыргызстан сыяктуу чет мамлекеттердин тайпа-катышчууларынын укук системасынын ийгиликтүү тажрыйбасы менен, ошондой эле алардын иштери менен таанышышты.

Ошону менен бирге, тайпа-катышуучулар өз мамлекеттеринде сот адилеттүүлүгүнө мүмкүнчүлүк алуудагы көйгөйлөрдүн чечүү моделинин долбоолорун иштеп чыгуу боюнча практикалык иш-чараларды өткөрүп, тагыраак айтканда, топтордун кызыкчылыктарын жана алардын ушул көйгөй менен байланышын аныкташып, бул проблемаларды чечүүнүн жолдорун издешти.

Программанын алкагында КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун өкүлү башка тайпа-катышуулардын курамында Акысыз экинчи укуктук жардам көрсөтүүчү Киевдин Левобережныйдагы жергиликтүү борборун, Адам укугу, адилеттикке жетүү жана укуктук кабардандыруу боюнча Украинанын Юстиция министрлигинин Директораты, Украинанын уктуктук жардам фундациясынын иштери менен таанышты.

         

Жолугушуу учурунда жогоруда аталган уюмдардын өкүлдөрү Украинанын экинчи укуктук жардам тууралуу практикасы жөнүндө, сот адилеттигине жетүү механизмдер, адвокаттар тарабынан экинчи укуктук жардам көрсөтүүнүн сапатынын стандарттары  жана Украинанын акысыз укуктук жардам системасын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат беришти.

Программа Украинанын Юстиция министрлиги, Акысыз укуктук жардам берүү координациялык борбору, “Укук өнүктүрүү тармагы” Коомдук бирикмеси, Украинанын юридикалык клиникалар ассоциациясы, Эл аралык “Возрождение” фондунун колдоосу менен Жалпы Украинанын “Украинанын укуктук жардам фундациясы” кайрымдуулук уюмунун жана Канада өкмөтү каржылаган “Жетикиликтүү жана сапаттуу укуктук жардам” долобоору тарабынан уюштурулган.