Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

12 декабрь 2018

Элге укуктук жардам көрсөтүү декадасынын алкагында 4622 адамга юридикалык консультация берилди

one

2018-жылдын 3-декабрынан 10-декабрьга чейин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бүт өлкө боюнча элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасын өткөрдү. Декаданын алкагында юридикалык жардам алуу боюнча 4622 адам кайрылып, алардын 60 пайызын аялдар түздү.

Төмөнкү суроолор боюнча жарандарга жардам көрсөтүлдү:

-  Үй-бүлө укугу боюнча (никеге туруу жана никени бузуу, мүлктү бөлүшүү, алимент, камкорчулук ж.б.) – 1459 адам;

-      Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу (карызды өндүрүү, сатып алуу-сатуу ж.б.) – 670 адам;

-         Эмгек укугу (эмгек келишимдери, компенсация ж.б.) - 569 адам.

-         Жер маселелери (алуу, документтештирүү ж.б.) – 517 адам;

-         Карызды өндүрүү жана күрөөгө коюу маселери боюнча -260 адам;

-         Туракжай укугу – 250 адам;

-    Социалдык коргоо маселелери боюнча (пенсия, жөлөкпул, майыптуулук, жеңилдиктер ж.б.) – 228 адам;

-         Мурас мүлк алуу боюнча (мурас кагаз, мурас мүлктү бөлүшүү) – 220 адам;

-      Жарандарды документтештирүү (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу ж.б.) – 165 адам;

-         Тартууланган мүлк боюнча (мүлктүк укук) – 130 адам;

-         Юридикалык жактарды каттоо боюнча -120 адам;

-         Административдик укук боюнча – 19 адам;

-         Жазык укук боюнча – 15 адам.

Декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардамды аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы калкка акысыз акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор, мамлекеттик нотариалдык кеңселер, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, МКЮЖдын реестрине кирген адвокаттар жана ЖОЖдордогу юридикалык клиникалар көрсөтүштү.

Юридикалык жардам көрсөтүү жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын мыйзамы тууралуу маалыматты жайылтуу максатында республиканын борборунда жана региондорунда жайгашкан ири соода борборлорунда, борбордук аянттарда жана жогорку окуу жайларда акциялар болуп өттү.

Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүп, өлкөнүн ири жогорку окуу жайларында лекциялар да өткөрүлдү.

Белгилеп кетсек, декаданын негизги максаты болуп калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү эле. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлдү.

Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын, Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынын жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасынын колдоосу менен өткөрүлүдү.