Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

12 февраль 2020

"Сорос-Кыргызстан" фонду МКЮЖды Координациялоо боюнча борборуна жабдууларды берди

one

2020-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна жабдууларды өткөрүп берүү салтанаты болуп өттү.

Кеңселик жабдуулар Windows программаларынын толук пакети менен камсыздалган жеке компьютерлер жана көп функциялуу CANON принтерлери ж.б. комплекттөөчүлѳр түрүндѳ МКЮЖды Координациялоо боюнча борборуна "Сорос-Кыргызстан" Фонд тарабынан өткөрүлүп берилди.

Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов Фонддун өкүлдөрү Нуриана Картанбаевага жана Тахмина Ашуралиевага көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирүү менен "Сорос-Кыргызстан" Фонду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишенимдүү жана туруктуу өнөктѳшү болуп келет деп баса белгиледи.

Ошондой эле, техникалык жардам менен бирге, Фонд эксперттик-консультациялык да жардам көрсөтүп келет, КРнын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамынын ийгиликтүү ишке ашырылуусу, калкты маалымдоо жана жарандарга юридикалык жардамдын жеткиликтүү болушун кеңейтүү анын натыйжасы болуп саналат.