Артка
2020-жылдын 11-мартында КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (мындан ары-МКЮЖ КБ) жана «Кыргыз Республикасынын нотариалдык палата" коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен калктын юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча программаларды ишке ашыруу алкагында жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуу учурунда, МКЮЖ алкагында консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашыруунун негизги багыттары аныкталган макулдашуунун долбоору талкууланды.
Ошондой эле документте жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча маалыматтарды жана аналитикалык материалдарды өз ара алмашуу, МКЮЖ КБнун кызматкерлеринин менен «Кыргыз Республикасынын нотариалдык палатасы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чаралар каралган.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын нотариалдык палатасы" жана МКЮЖ КБнун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.