Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

16 март 2020

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча аймактык борборлордо компьютердик жабдуулар жаңыртылды

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун региондор аралык бөлүмдөрдөгү компьютердик жабдуулар жаңыртылды.

Толук программа менен камсыздалган жеке компьютерлер жана кѳп функциялуу Canon принтерлер жана башка кеңсе жабдуулар Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл  облустарындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү борборлоруна  жеткирилип берилди.

 Белгилей кетсек, бул жабдуулар Фонд "Сорос-Кыргызстан" тарабынан акысыз негизде берилген.

 Андан тышкары, Фонд Мамлекет кепилдеген  юридикалык жардам кѳрсѳтүү борборуну өнүктүрүү үчүн  эксперттик-консультациялык да жардам берүүдѳ.