Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

16 март 2020

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселерине арналган окуу Ош шаарында өттү

one

2020-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча региондор аралык бөлүмү Ош шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине тренинг өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо", "Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча иштеринде “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын алкагында квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү", "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга жарандардын укугу" темалары боюнча окуу өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө, аталган багыттагы суроолор боюнча талкуулоо жана суроо-жооп уюштурулду.