Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 март 2020

Юридикалык жардам көрсөтүү эрежелери убактылуу алмашылды

one

Урматтуу кыргызстандыктар!

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча Борбор (МКЮЖ борбору) жана региондордо Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору (АЮЖКБ) тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү эрежелери убактылуу алмашылды.

Мындан ары консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тѳмѳнкү жолдор менен жүргүзүлѳт:

- телефон байланышы (чалуулар) аркылуу;

- мессенджерлер (ватсап) аркылуу;

- Фейсбук: https://www.facebook.com/ggupkr/ жана Instagram: https://instagram.com/skggup социалдык тармактардагы расмий баракчаларга, ошондой эле МКЮЖ КБнун mamjardam.pr@gmail.com электрондук почтасына кат жѳнѳтүү жолу менен.

Дежур юристтер, МКЮЖ адвокаттары жана Борбордун координаторлору сиздерге күн сайын саат 09:00 дон 18:00 го чейинки, дем алыш күндөрдөн тышкары, онлайн жана электрондук түрдө консультацияларды берип турушат.

Юридикалык жардам үчүн сиздер:

- координаторлорго: 

    Алыбаева Чолпон Кыдырмамбетовна (Чүй областы боюнча координатору): 0770 459 117;

    Ногоев Марклен Сансызбекович (Чүй областы боюнча координатор): 0552 682 845;

    Темирбаев Арслан Файзуллаевич (Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча координатору): 0777 780 887;

    Ташиев Азиз Курбанбекович (Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча координатору): 0709 000 0874;

    Эргешов Толкун Турдукулович (Ош ш. боюнча координатору): 0555 225 832;

    Абушинов Расул Манжукович (Каракол ш. боюнча координатору): 0553 040 486.

- адвокаттарга:

    Байдалиева Назира 0702431130;

    Бактыгуль Эмиловна 0704898921 кайрыла аласыздар.

Мындан тышкары, сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн 112 жана 118 шыр байланыштары да иштейт.

Чалуу акысыз!


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу МКЮЖ КБ убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн жарандардан кечирим сурайт жана абал турукташкандан кийин Борбор ѳз ишин мурдагы режимде алып бараарын билдирет.