Артка
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери калктын аярлуу катмарына жардам кѳрсѳтүүдѳ.
Айта кетсек, Каракол шаарынан 1 ай мурун жарандык иш боюнча бир арыздануучу кайрылган. Анын иши боюнча адвокат дайындалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдѳ.
Кайрылуучунун социалдык абалы начар болгондуктан, республика боюнча түзүлгѳн кырдаалды эске алып, Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери азык-түлүк түрүндѳ жардам кѳрсѳтүштү.