Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

28 январь 2019

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация кызматын түзүү жана анын иштеши боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишин баштады

one

2019-жылдын 11-январында Юстиция министри Марат Джаманкуловдун жетекчилигинин алдында Кыргыз Республикасынында Пробация кызматын түзүү жана анын иштешине байланышкан маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өткөрүлдү. 

Бул жумушчу топ, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жениш Разаковдун тапшырмасына ылайык, КРнын Юстиция министрлигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  (мындан ары - ЖАМК) биргелешкен буйругу менен түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып коомдон бөлбөстөн жазаларды аткаруу, жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын, пробациялык көзөмөлдү жана түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды контролдоону жүзөгө ашыруу функциялары ЖАМКнын жазык-аткаруу инспекцияларына жүктөлгөн. 2020-жылдын 1-январынан баштап Пробация кызматын ЖАМКнан  Юстиция министрлигине өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, 2018-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасы, ошондой эле пробация органына Бишкек шаарынын Ч. Айтматов көч., 1 ("Бишкек штамптоо заводу" МИнын имаратынан) дареги боюнча жайгашкан кызматтык жайларды ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү бекитилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Юстиция министри Өкмөттүн аталган чечимдерине ылайык, айрым мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттерди белгилеп кетти.

Ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн пробация органынын иш учурдагы кырдаалы жөнүндө, анын материалдык-техникалык жабдылышы жана каржылоосу тууралуу маалыматтары угулду.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана пенитенциардык маселелер боюнча эксперттер башка өлкөлөрдө пробация органдарынын түзүлүшү жана иштешинин тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти, ошондой эле ушул багытта өз сунуштарын айтып кетишти.

Отурумдун жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан Пробация кызматын ЖАМКнан Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү маселелери боюнча иш-чаралардын Планын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул ведомстволор аралык жумушчу тобуна Юстиция министрлигинин, ЖАМКнын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Финансы министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, пенитенциардык маселелери боюнча эксперттер, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Пробация кызматынын иши жөнүндө www.probation.kg сайтынан толугураак маалымат менен тааныша аласыздар.