Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

31 май 2020

Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоого арналган Акция уланууда!

one

Бүгүн, 2020-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнү майрамына карата, Ош шаарынын өкүлдөрү менен бирдикте пробация органдарынын,  мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координциялоо Борборунун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жана Ош шаардык юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарындагы жайгашкан "ЛОТОС", балдар үйүнө барып келишти.

Балдар мекемесине барган учурда биздин кесиптештер балдар үйүнүн персоналына жана тарбиялануучуларына пробация институту жөнүндө, мыйзамдарды бузуунун кесепеттери жөнүндө айтып беришти.

Психолог балдар менен баарлашып, аларга ювеналдык Пробация жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жыйынтыгында бардык балдарга белектер тапшырылды.

 

Ошону менен бирге, Ысык-Көл жана Нарын облусундагы кесиптештер пробациялоо органдарында эсепте турган пробациянын жашы жете элек 12 кардарына гуманитардык жардам уюштурушуп, ошондой эле аларга белектерди беришти.

Аталган пробация органдарынын психологдору балдар менен жаш курагында кылмыштарды жасоонун кесепеттери, туура жашоо жолун тандоонун маанилүүлүгү жөнүндө жана Ювеналдык Пробация жөнүндө маек өткөрүштү.

 

 

КР Юстиция министрлигине алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо Борбордун кызматкерлери МКЮЖ адвокаттар менен бирге Ыссык-Ата районунун Жеек айылында жайгашкан " Гульзар балалык Борборуна" барып келишти.

Бул борбордо 7 жаштан 18 жашка чейинки кыздар тарбияланат.

Бул жолугушууда Чүй облусунун координатору тарабынан Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында акысыз консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адвокат өз кезегинде кыздарга балдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө айтып берилди.

Аталган борбордун кызматкерлерине аймактык юстиция башкармалыктарынын жана пробация органдарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун иштери жөнүндө маалымдашты, ошондой эле аларга материалдык жардам көрсөтүштү.