Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

31 май 2020

КР Юстиция министрлиги Балдарды коргоо күнүнө карата акцияны өткөрүүгө баштады

one

2020-жылдын 29-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата 3-июнда аякталуучу акцияны жүргүзүп жатат.

Акциянын алкагында ювеналдык юстиция линиясы боюнча иштеген, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча Борбордун кызматкерлери, психологдору жана юристтери, адвокаттары тарабынан региондордо балдар интернаттык мекемелерине көчмө консультациялар уюштурулат.

Вирустун жугуу коркунучуна жол бербөө максатында республиканын айрым региондорунда мобилдик топтор балдар интернаттык мекемелеринин педагогикалык жана тарбиялык курамы менен жолугушууларды өткөрөт жана маалыматтык материалдар (буклеттер, брошюралар, плакаттар ж.б.) берилет.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча Борбордун координаторлору, юристтер жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун адвокаттары балдарга акысыз квалификациялуу юридикалык жардам алуунун тартиби жөнүндө, ошондой эле алардын укуктары жөнүндө айтып беришет.

Пробация департаментинин кызматкерлери мыйзамды бузган жашы жете электер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзуп, пробация органдарында каттоодо турган адамдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө айтып беришет.

Психологдор балдардын психикалык ден соолук көйгөйлөрүн, кандайдыр бир чектен чыгуулар болон көйгөйлөрүн аныктоо максатында балдар менен баарлашып, аныкталган койгойлор болгон учурда балдар жайынын жетекчилигине тийиштүү чара көрүү зарылдыгы тууралуу сунуштар киргизилет.

Ошондой эле, бүгүн, БК МКЮЖ боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында аймак аралык бөлүмү тарабынан Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында жайгашкан дүлөй балдардын мектеп-интернатына барышты.

Жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын “Уй-бүлө”, “Балдар жөнүндө” Кодекстеринин жана балдардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын түшүндүрүштү.

Мындан тышкары, юристтер мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндө мыйзамга ылайык, балдарга акысыз квалификациялуу юридикалык жардам берүү тартиби жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда балдарга кеңсе буюмдары жана маалыматтык материалдар берилди.\