Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

17 июнь 2020

50дөн ашык адвокаттар жазык укук боюнча окуудан өтүштү

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Мамлекет кепилденген юридикалык жардам тутумунун адвокатары жана юрист-консультанттары үчүн кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча тренинг өткөрүлдү.

 Тренингке 50дөн ашык Бишкек жана Чүй облусунун адвокаттары жана юрист-консультанттары катышышты. Тренингдин жүрүшүндө сот реформасынын алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин ченемдери  кеңири талкууланды.

Ошол эле учурда, жазык сот өндүрүшүндөгү укук колдонуу практикасынын эң актуалдуу маселелери жазык мыйзамдарынын, материалдык жана процесстик мыйзамдардын карама-каршылыктары  каралды.

Аталган тренингдер “Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын толук жана натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле адвокаттардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленген бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык жүргүзүлдү (1,5 метр аралыкты сактоо, антисептик каражаттарын колдонуу менен маска режимин сактоо).