Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

16 сентябрь 2020

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги үй-бүлөлүкй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга укуктук жардам көрсөтүүчү адвокаттардын потенциалы жогорулоодо

one

2020-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору “Кыргыз судья аялдар ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен бирдиктүү Жумушчу план бекитти, аталган Жумушчу пландын негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан калктын аярлуу катмарындагы топторго жардам көрсөтүүдө МЮКЖ тутумундагы адвокаттардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

 Жумушчу планга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга укуктук жардам көрсөтүүдө конкреттүү иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча адвокаттар үчүн Колдонмо иштелип чыгат. Ошондой эле, аталган Колдонмону иш жүзүндө колдонуу үчүн Бишкек, Ош, Токмок шаарларында калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү пилоттук борборлор түзүлүп, адвокаттар үчүн Колдонмо боюнча видеокурстар даярдалды.

 Мындан сырткары, МЮКЖ тутумундагы 20 адвокатты үй-бүлөлүк зомбулук иштерде укуктук жардам көрсөтүү боюнча тереңдетилген окутуу уюштуруу пландалууда.

 Эске сала кетсек, Жумушчу планда каралган иш-чаралар 2018-жылдын 12-июнундагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун, Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдун юридикалык клиникаларынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндөгү келишимдин алкагында ишке ашылырып жатат.