Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 сентябрь 2020

Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча 28-борбор ачылды

one

2020-жылдын 25-сентябрында Ош областтынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарында Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбордун салтанаттуу ачылыш-аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун (МКЮЖ КБ) директору А.С. Калбеков мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп калктын укуктук маданиятынын деңгээлин көтөрүү жана укуктук ан-сезимин өнүктүрүү саналат деп белгилеп кетти. Ошону менен бирге, А.С. Калбеков ПРООНдун “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүккө” долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтүнүн жана Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен ачылып жаткан 28-борбор келечекте жергиликтүү калктын укуктук сабаттуулугунун жогорулашына, жарандар көйгөйлөрүн укук талаасында гана чечишине шарт түзүп берет деген бекем ишенимин билдирди. 

Салтанаттуу ачылыш-аземи аягына чыккандан кийин МКЮЖ КБнун координаторлору менен МКЮЖ тутумунун адвокаттары тарабынан Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын аянтында калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча акция өткөрүлүп, акциянын алкагында жарандардан квалификациялуу юридикалык жардам алуу боюнча арыздар кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардамды 80 881 жаран алган. Ал эми көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 14 441 адамды түзгѳн.