Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

28 сентябрь 2020

“Баңги заттары боюнча иштерде адвокаттардын катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаны калыптандыруу” темасында тренинг болуп өттү

one

24-27-сентябрь аралыгында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) тутумунун адвокаттары үчүн буга чейин салтка айланган ар жылкы тренинг болуп өттү. Бул жылы тренингдин темасы: “Баңги заттары боюнча иштерде адвокаттардын катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаны калыптандыруу” болду.

Тренинг Кыргыз Республикасынын бир катар жаңы кодекстеринин күчүнө киришине байланыштуу баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча иштерде жактоо учурунда жаралган маселелерге арналган.

Тренингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу жосундардын тарыхый, эл аралык укуктук, жазык-укуктук, жазык-процесстик жана башка айрым аспекттери каралды. 

Укуктук эксперттер, тренерлер А.С. Исаков жана А.К. Кулбаев теориялык жана практикалык иштерди айкалыштырышты. Практикалык жагы баңги заттары боюнча иштердеги далилдерди бурмалоого каршы криминалистикалык практикум түрүндө берилди.

Тренингдин негизги максаты баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча иштерде катышкан адвокаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖ КБ) өзүнүн алдында түзүлгөн Консультативдик-эксперттик кеңеш (КЭК) аркылуу адвокаттардын потенциалын жогорулатуу механизмин киргизди.

КЭКтин ишинин өзгөчөлүгү МКЮЖ адвокаттарынын теориялык билимин жогорулатуудан гана эмес, МКЮЖ тутумундагы айрым категориядагы иштер боюнча алардын практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө көмөктөшүүдөн да турат.

КЭКтин ишмердигинин дагы бир маанилүү аспектиси болуп тергөө жана сот органдарында укук колдонуу практикасын жалпылоо саналат. Укук колдонуу практикасынын натыйжалары баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштерди кароо тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын сот жана башка органдарына сунуштарды иштеп чыгуу максатында колдонулат.

Бул тренинг МКЮЖ КБнун жана “Юристтер адам укуктары үчүн” КФнун кызматташуусунун алкагында Сорос-Кыргызстан Фондунун техникалык жана финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.