Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

03 декабрь 2018

Элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада башталды

one

2018-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбору тарабынан өткөрүлүп жаткан элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада башталды.  

Белгилеп кетсек, бул декада быйыл 10-декабрда белгиленчү БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган. 

2018-жылдын 3-10-декабрында өтүүчү декаданын алкагында, бүгүн Кыргызстандын эл аралык университетинин фойесинде элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча акция болуп өттү. Юридикалык жардам көрсөтүүдөн тышкары, бул акциянын максаты болуп “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын мыйзамы жана акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор тууралуу маалыматты жайылтуу эле. Маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү максатында, мындай акциялар республиканын баардык аймактарында өткөрүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөр жана ЖОЖдордо лекциялар өткөрүлмөкчү.


2018-жылдын 3-10-декабрында өтүүчү декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардамды аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор, мамлекеттик нотариалдык кеңселер, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, МКЮЖдын реестрине кирген адвокаттар жана ЖОЖдордогу юридикалык клиникалар көрсөтүшөт.


Декаданын негизги максаты – калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлөт.

Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын,Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынын жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.