Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

22 ноябрь 2018

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Жазык иштери боюнча сот адилеттиги системаларында укуктук жардам көрсөтүү боюнча үчүнчү эл аралык конференцияга катышышты

one

    2018-жылдын13-15-ноябрында Тбилиси (Грузия) шаарында  Жазык иштери боюнча сот адилеттиги системаларында укуктук жардам көрсөтүү боюнча үчүнчү эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жетекчиси Акжол Калбеков жана анын орун басары Джылдыз Рыскулова катышышты.

    Конференция калктын жакыр жашаган жана аярлуу катмарларына  сапаттуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудагы көйгөйлөрүнө арналды. Иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн юридикалык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү менен эксперттер катышышты.
     Жазык сот өндүрүш системаларында юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө тиешелүү болгон БУУнун Жоболору менен Принциптерине ылайык, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнө натыйжалуу өбөлгө боло турган, мамлекеттер ишке киргизүүчү юридикалык жардам көрсөтүүнүн бардыгын камтыган системаны жайылтууга конференцияда өзгөчө көнүл бурулду.
      Иш-чаранын алкагында Манас Сарымсаков Кыргызстанда иштеп жаткан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын улуттук системасы тууралуу, анын ийгиликтүү жактары менен сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты камтыган доклад жасады.  

      Конференциянын жыйынтыгында, улуттук деңгээлде укуктук жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, инновациялар менен тажрыйба алмашууга, аймактык жана эл аралык деңгээлде кызматташууга байланыштуу резолюцияны катышуучулар кабыл алышты.

    Белгилеп кетсек, Жазык иштери боюнча сот адилеттиги системаларында укуктук жардам көрсөтүү боюнча биринчи эл аралык конференция 2014-жылы Йоханнесбург шаарында (Түштүк Африка), ал эми экинчиси 2016- жылы Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина) өткөрүлгөн.