Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

08 апрель 2019

Адвокаттар жазык жана жарандык иштер боюнча жашы жетелектер менен иш алып барууга окутулду

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары - МКЮЖ) Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында МКЮЖнын алкагында иш алып барган адвокаттар үчүн бир катар тренингдерди уюштурду.  

Тренингдердин жүрүшүндө жашы жетелектердин катышуусундагы жазык сот өндүрүшүнүн субъекттерине, жазык процессиндеги иштөөнүн стандарттарына жана процессуалдык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу суроолор каралды. Ошондой эле, адвокаттар жашы жетелектерге сурамжылоо жүргүзүүгө да үйрөнүштү.

Окутуулардын жыйынтыгы боюнча жүздөн ашуун адвокаттар “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагындагы адвокаттардын жашы жетелектердин катышуусундагы иштерди алып баруунун  өзгөчөлүктөрү” аттуу тренингден өткөндүгүн тастыктаган сертификаттарды алышты.     

Бул тренингдер Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) колдоосунда “Укук борбору” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү.  

Белгилеп кетсек, 2019-жылдын 9-апрелинен 12не чейин мындай окутуулар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иш алып барган адвокатттар үчүн өткөрүлөт.