Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

26 январь 2019

Юстиция министрлиги адвокаттар үчүн семинар өткөрдү.

one

2019-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине кирген адвокаттар үчүн семинар өткөрдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында (мындан ары – МКЮЖ) иш жүргүзгөн болжол менен 70 адвокат катышты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, ага ылайык жазык иштери боюнча адвокаттарга акы төлөө тарифтери көбөйтүлгөн, ошондой эле «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына ылайык юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Өз сөзүндө юстиция Министри Марат Жаманкулов белгилегендей, «аталган Өкмөтүн чечими калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет жана МКЮЖ системасынын адвокаттарын санын көбөйүшүнө алып келет».

2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстердин күчүнө киргендиги боюнча юстиция министри белгилегендей «аларда абдан көп туура жайлары бар, алар сөзсүз өлкөнүн соттук-укуктук системасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт».

«Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар айткандай жаңы кодекстерде кандайдыр бир маселелер жана кемчиликтер бар. Албетте, ал маселелер мыйзамдардагы бардык аталган боштуктар негизинде четтетилет жана кайра иштетилип чыгат» деди ал. 

 Ошондой эле министр атаандаштык институттун өнүктүрүү максатында адвокаттардын ыйгарым укуктары кенейтилгендигин белгиледи жана адвокаттык коомдоштукту калк арасында жаңы кодекстерди туура маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Семинардын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери, жактоочулардын ишинин сапатынын стандартары, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субьектилеринин өз ара аракеттенүүшүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги жөнүндө темаларына презентациялар көрсөтүлдү.

Презентациялардын жыйынтыктары боюнча КР Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ Борборунун директору Акжол Калбеков жана юстиция министрлигинин башка өкүлдөрү семинардын катышуучуларын кызыктырган суроолорго жооп беришти.