Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

27 декабрь 2018

Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча бирге аракеттешүү маселесин Юстиция министрлигинин жана коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү талкуулашты

one

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ѳкүлдѳрү “Майыптарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү” Коомдук фондусунун президенти Исаков Толкунбек башында болгон ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чѳйрѳсүндѳгү коомдук уюмдардын жетекчилери жолугушуу ѳткѳрүштү.

       Бул иш-чара ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнѳ жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70-жылдыгына арналган.

    Жолугушуу учурунда ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сот адилеттигине жетишүүсүнѳ, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү кѳйгѳйлѳр, ошондой эле бул маселелерди жѳнгѳ салган мыйзамдар жөнүндө талкуу болду.

Коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү ѳздѳрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар жѳнүндѳ айтып беришти.

        Өз кезегинде, министрликтин ѳкүлдѳрү “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашышы жѳнүндѳ жана анын алкагында 2019-жылдан баштап жарандык жана административдик иштер боюнча жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, квалификациялуу юридикалык акысыз жардам көрсөтүлөрүн маалымдашты.

         Ушул багытта бирге аракеттешүүнү мындан ары жакшыртуу зарыл экендигин белгилеп, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук жардам берүү боюнча биргелешкен иш-чараларды ѳткѳрүү боюнча тараптар пландарды коюшту.

     Иш-чаранын аягында Юстиция министрлигинин башкармалыгынын начальниги Венера Жумабаева коомдук уюмдун ѳкүлдѳрүнѳ белектерди тапшырып, келе жаткан Жаӊы 2019-жыл менен куттуктоо сөзүндө аларга ден соолук жана ийгиликтерди каалады.