Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

02 июль 2019

Калкка укуктук жардам көрсөтүү акциясы учурунда 1600дөн ашык адам укуктук-консультациялык жардам алышты

one


  2019-жылдын 26-июнунда Кыргызстанда калкка акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бир күндүк акция өткөрүлдү.Бул иш-чара Юристтер күнүнө арналды..

 Иш-чаранын максаты - калкка юридикалык жардам көрсөтүү, сот адилеттигинежетүү шарттарын жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.

Акция өлкөнүн бардык ири шаарларында өткөрүлүп, 1600дөн ашык адам акысыз укуктук-консультациялык жардам алышты.

Негизинен жарандар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн документтерин жолжоболоштуруу, мүлктү белекке берүү, мураска алуу, юридикалык жакты каттоо жана жоюу, пенсия жана жөлөкпулду жолжоболоштуруу, үй-бүлөлүк, эмгек жана миграциялык суроолор, ошондой эле жазык иштер боюнча кайрылышты.

Иш-чарага Юстиция министрлигинин жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, адвокаттар, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана ЖОЖдордун юридикалык клиникаларынын өкүлдөрү катышты.

Акция БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун,USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын,Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынынколдоосу менен өткөрүлдү.